Ольга четиндиги (лат. Sorbaria olgae, Zinserl) - Жайкысын жашыл, бутактары жылаңач, жалбырактары түгөйсүз канаттуу, узундугу – 10-20 см, учтуу сызгычтай 15-19 жалбыракчалардан турган жан жалбырактуу бадал. Жалбыракчалары жумуртка сымал ланцеттей, узундугу 2,3-5 см, туурасы 0,8-2,3 см, кош тишчелүү, кырдуу, теги тегерек же бир аз ичке, учу учтуу же бир аз имерилген, үстү жагы жылаңач, асты жагындагы тарамыштары сейрек, жөнөкөй түкчөлүү. Топ гүлдөрүнүн узундугу 15-25 см, туурасы 8-15 см, түксүз. Желекчелери түксүз, узундугу 2-3 см, имерилген.
Изилденбеген. Май айында гүлдөп, июлда мөмөлөйт.
Алай тоо кыркасынын Шахимардан айлына жакын түндүк тоо беттери.
Капчыгайдын тоо беттери.
Түр биринчи жолу 1871-жылы табылып, ошондон бери көптөгөн изилдөөлөр натыйжалуу жыйынтык бере элек.
Маалымат жок.
Маалымат жок.
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин токтомунун негизинде 1975-жылдан бери корукка алынган. Кыргыз ССРинин Кызыл китебинде (1985) катталган.
Түрдүн азыркы кездеги абалын изилдөө зарыл. Мурунку түр кездешкен аймактарды кылдаттык менен изилдеп, эгер ал түр табылса, ошол жерге ботаникалык заказник уюштуруу.
CR B2ab( i i i ). Алай тоо кыркасынын чектелген аянтта учураган, чамасы жоголуп бара жаткан өтө сейрек кездешкен эндем. Декоративдүү.