Ромашка (лат. Matricaria, L. 1753) — татаал гүлдүүлөр тукумундагы бир жылдык өсүмдүк уруусу.
Анча бийик эмес, жыттуу. Сабагы бутактуу, гүлү майда, чети ак, ортосу сары. 50дөй түрү Евразияда, Африкада белгилүү.
Болгария, Румыния, Польша ж. б. өлкөлөрдө эгилет. Ромашканын гүлү дарылыкка колдонулат. Курамында эфир майы, белок, азулен, глюкозид, С витамини, каротин ж. б. бар. Күрдүү, жумшак топуракта жакшы өсөт. Кыргызстандын бардык жеринде кездешет.