Теңге балык (Barbus brachycephalus), (Kessler):
Түркстан теңге балыгынын күмүштөй жылтылдаган жана үстү каралжын, аркасындагы кара түсүнүн, күмүштөй ак курсак бөлүгүнө өтүсү акырындык менен өтөт . Жуптуу сүзгүчү боз түстө. Кабырчыктары түркстан жаянына караганда майдараак. Узундугу 90 см жана 22,5 кг чейин жетет . ==Жалпы жа на өлкөдө таралышы. Чүй дарыясынын Казакстан менен чектешкен жерлеринде кездешет. Өзбекстанда, Казакстанда корголуучу түрлөрдүн тизмесине киргизилген. Түркүмдүн Кыргызстандагы эки түрүнүн бири.
Дарыялардын түзөң жерлеринде жашайт. Чүй суусунун төмөн жагындагы агын сууларда жана акма көлмөлөрдү жердейт.
Кыргызстандын аймагында дайыма сейрек кездешкен, урук таштоо мезгилинде гана аз санда Токмокко чейин өрдөйт. Уруктап бүткөндө кайра төмөн кетет. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Теңге балык жыныстык жагынан төрт жашында жетилет, 8 кг особдордун төлу 180 000 даанага жетет. Урук таштоо мезгили апрелдин аягынан июндун башына чейин . Суунун түбүндөгү омурткасыз жандыктар жана бөлөк балыктардын өспүрүмдөрү менен азыктанышат. Чүй дарыясында Арал деңизине жана Балкаш көлүнө караганда жайыраак өсөт. Санынын аздыгына байланыштуу промысел болгон эмес, кээбир убактарда гана балык уулоону сүйүүчүлөр аркылуу кармалган .
Чүй дарыясында Ташаткөл суу сактагычынын плотинасынын курулушу, урук таштоо мезгилинде балык уулоо. Асыроо. Болгон эмес.
Жүргүзүлгөн эмес.
Кыргызстандын аймагында толугу менен жоголуп кетүүсүнө байланыштуу, түр рентабелдүү эмес. Чүй өрөөнүн сууларына кайра акклиматизациялоо боюнча биологиялык негиздөөнү даярдоо талапка ылайык.
2 [CR: C]. Кыргызстанда түр жок болуп кеткен.