Койжалбырак (лат. Ligularia) – өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы уруу. Бийикт. 50-150 смге жеткен көп жылдык чөп. Сабагы жоон, тик өйдө өсөт, түктүү же түксүз. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, саптуу, жээги тегиз, кээде тишчедей майда тилкелүү; жалпы формасы бөйрөктөй, же сүйрү, уз. 10-25 (30), туурасы 15-45 см. Себетчелери майда же ири (диаметри 10-30 мм). Алар сабактын учунда бирден же бир нечеси биригип калемчедей, шыпыргыдай топ гүлдү түзөт. Желекчелери сары түстө. Себетчедеги тегерек гүлдөрү тилчедей, бир жыныстуу, ортоңку түтүкчөдөй гүлдөрү эки жыныстуу. Гүл ороочтору эки катар. Аталыгы 5, энелиги – 1. Мөмөсү – данча, ал ак, киргил, саргыч, күрөң же кызгылт, үпүчөлүү. Жер жүзүндө 150 түрү белгилүү, алар Чыгыш жана Борбордук Азиянын мелүүн областтарында, Европада таралган. Кыргызстанда бөксөдөн бийик тоодоогу шалбаада, токой, бадал арасында, суу, булак, көл жээгинде, саздакта өсөт. Силос тоют катары маанилүү.