dcsimg

Байбиче чекей ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages

Байбиче чекей (лат. Ammopiptanthus nanus, (D. Don) Cheng) - Бийиктиги 1,5 м ге жеткен дайыма жашыл бадал. Бутактары салыштырмалуу жоон, ийри-буйру, кабыгы саргыч, жаш өркүндөрү боз түктүү. Жалбырактары жазы эллипстей, кыска саптуу, агыш жыш түктүү. Гүлдөрү сары, жаш бутактардын учунда өөрчүп, жыш чачыктай топ гүлдү түзүшөт. Чанагы сүйрү, түксүз же сейрек түктүү, кабыгынын жиги ичке түктүү.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү

Июнң-июлда гүлдөп, июлң-августта мөмөлөйт. Уругу жана вегетативдүү жол менен көбөйөт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы

Кашкарда (Кытай) жана Кыргызстанда белгилүү (Кабактоо жана Жумгалтоо тоолору, Көкөмерен суусунун бассейни).

Өсүү шарттары

Аска-таштуу, ар башка түстөгү топурактуу тоо беттери.

Саны

Жалгыздан өсөт. 1979-жылдагы эсеп боюнча 15000 даана түбү бар.

Чектөөчү факторлор

Кооздугу жана дарылык касиети элди чогултууга кызыктырып, сел жүрүүнүн, чарбалык иштердин натыйжасында анын саны кескин кыскарып кетип жатат.

Өстүрүү

КР УИАнын Ботаникалык багында бир нече жолу атайлап өстүрүлгөн; уругу күзүндө себилгенде өсүндүсү апрелде пайда болуп, начар өскөн. Кышка өсүмдүктөрү жыгачтанбастан, жазында соолуп калат. Дүңгөлүү топуракта өспөйт.

Уюштурулган коргоо аракеттери

СССРдин (1975) жана Кыргыз ССРинин кызыл (1985) китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

Миңкуш суусунун өзөнүндө башка эндем жана сейрек кездешүүчү түрлөр менен бирге ботаникалык заказник уюштуруу зарыл.

Статусу

EN. Сейрек кездешкен ареалы үзүк ( дизүюнктивдүү) түр. Белгилүү реликт тукумдун эки түрүнүн бири, Кыргызстанда ал тукумдун жалгыз өкүлү.

Колдонулган адабияттар

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор

Байбиче чекей: Brief Summary ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages

Байбиче чекей (лат. Ammopiptanthus nanus, (D. Don) Cheng) - Бийиктиги 1,5 м ге жеткен дайыма жашыл бадал. Бутактары салыштырмалуу жоон, ийри-буйру, кабыгы саргыч, жаш өркүндөрү боз түктүү. Жалбырактары жазы эллипстей, кыска саптуу, агыш жыш түктүү. Гүлдөрү сары, жаш бутактардын учунда өөрчүп, жыш чачыктай топ гүлдү түзүшөт. Чанагы сүйрү, түксүз же сейрек түктүү, кабыгынын жиги ичке түктүү.

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор

Ammopiptanthus nanus ( Vietnamese )

provided by wikipedia VI

Ammopiptanthus nanus là một loài thực vật có hoa trong họ Đậu. Loài này được (Popov) S.H.Cheng miêu tả khoa học đầu tiên.[1]

Chú thích

  1. ^ The Plant List (2010). Ammopiptanthus nanus. Truy cập ngày 5 tháng 6 năm 2013.

Liên kết ngoài


Hình tượng sơ khai Bài viết liên quan đến Phân họ Đậu này vẫn còn sơ khai. Bạn có thể giúp Wikipedia bằng cách mở rộng nội dung để bài được hoàn chỉnh hơn.


license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia tác giả và biên tập viên
original
visit source
partner site
wikipedia VI

Ammopiptanthus nanus: Brief Summary ( Vietnamese )

provided by wikipedia VI

Ammopiptanthus nanus là một loài thực vật có hoa trong họ Đậu. Loài này được (Popov) S.H.Cheng miêu tả khoa học đầu tiên.

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia tác giả và biên tập viên
original
visit source
partner site
wikipedia VI

小沙冬青 ( Chinese )

provided by wikipedia 中文维基百科
二名法 Ammopiptanthus nanus
(M.Pop.)Cheng f

小沙冬青(学名:Ammopiptanthus nanus,又名矮沙冬青新疆沙冬青)是一种豆科常绿阔叶灌木,分布于亚洲中部荒漠地区,是中国国家二级濒危保护植物[2]

参考文献

 src= 维基物种中的分类信息:小沙冬青 小作品圖示这是一篇與植物相關的小作品。你可以通过编辑或修订扩充其内容。
 title=
license
cc-by-sa-3.0
copyright
维基百科作者和编辑

小沙冬青: Brief Summary ( Chinese )

provided by wikipedia 中文维基百科

小沙冬青(学名:Ammopiptanthus nanus,又名矮沙冬青、新疆沙冬青)是一种豆科常绿阔叶灌木,分布于亚洲中部荒漠地区,是中国国家二级濒危保护植物

license
cc-by-sa-3.0
copyright
维基百科作者和编辑