dcsimg

Кош эрин жарганаты ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
Tadarida.teniotis.jpg
Distribution of Tadarida teniotis.PNG

Кош эрин жарганаты (лат. Tadarida teniotis, Rafinesque, 1814):

Жалпы жана өлкөдө таралышы

Евразиянын, Түндүк Африканын тоолуу аймактары. Орто Азия өлкөлөрүнүн бардыгында жана Казахстанда кездешет, бардык жерде сейрек кездешүүчү түр катары эсептелет. Мурда Ош шаарынын тегерегинде үңкүрлөрдө гана кездешет деген пикир тараган. Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, бул түр Кыргызстандын территориясы боюнча дээрлик бардык жерде кездешет.

Жашаган аймактары

Жапыз жана орто тоолордун аскалуу аймактарында (кээде деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикке чейин) жашайт, аскалардын жаракаларында жана үңкүрлөрдө жайгашат.

Саны

1992-жылы Кыргызстандын бардык территориясы боюнча жүргүзүлгөн Швейцар - Чех - Кыргыз экспедициясынын жыйынтыгы боюнча изилденген 44 ландшафттык өзөндүн ичинен кош эрин жарганаты 22синде 700 м бийиктиктен 2500 м, бир жолу 3000 м ге жакын бийиктикке чейинки диапазондо кездешкен. Ысыккөл облусунун Тоң районунун бир жеринде жана Ош облусунун Араван районунун 3 өзөнүндө бул жаныбардын көп сандаган чакырыктары түнү бою угулуп турган. Изилденген территориялардын сегизинде чакырык регулярдуу түрдө, ал эми он аймакта кээде гана угулган. Торго кармалган жарганаттардын ичинен кош эрин жарганаты тутулуу боюнча экинчи орунга ээ болгон да, 81 кош эрин жарганат кармалган. Арашан дарыясынын жана анын аскалуу жээктеринин үстүндө учуп жүргөн жүздөн ашык особ (1992-жылы 21 сентябрда) байкалган.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)

Өзгөчө ареалынын түндүгүндө келгин түр. Кыргызстандын үңкүрлөрүнүн биринде майдын аягынан августтун ортосуна чейин кездешкен. Көбөйүү биологиясы начар изилденген, ургаачылары июнң айында бирди тууй тургандыгы белгилүү. Бир нече ургаачы жана бир эркеги бар чоң колониялар менен жашайт. Аңчылыкка 20 км ден алыс аралыкка учушу мүмкүн.

Чектөөчү факторлор

Адамдардын үңкүрлөргө тез барып турушу, балким, колонияларга жакын жайгашкан айыл-чарбада гербициддерди жана пестициддерди колдонуу.

Көбөйтүү (колдо багуу)

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери

1975-жылдан бери өзгөчө коргоого алынган түрлөрдүн тизмесине киргизилген, Кыргыз ССРинин Кызыл Китебине (1985), ошондой эле Казахстан, Узбекистан, Тажикистан жана Туркмениянын Кызыл Китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

Үңкүрлөрдү жана жашоого ылайыктуу аймактарды коргоо. Жергиликтүү жашоочулардын арасында түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүү.

Статусу

VII категория, Lower Risk/least concerned, LR/lc.

Колдонулган адабияттар

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор