Люффа, луффa (лат. Luffa) — ашкабактар тукумундагы өсүмдүк уруусу.
Люффа, луффa (лат. Luffa) — ашкабактар тукумундагы өсүмдүк уруусу.
Чырмалып өсүучү бир жылдык өсүмдук. Гүлң чоң, сары же ак. Мөмөсү сүйрү, көп уруктуу. Тропикте 6—8 түрү өсөт. Белгилүүлөрү: жумуру Люффа же мочалка ашкабак (L. cylindrica) жана кырдуу Л. (L. acutangula). Эки түрү тең көбүнчө Япония, Индия, Инди-Кытай, Египет, Америка, Кичи Азиянын тропик жанa субтропиктеринде, Кавказ, Крым жанa Орто Азия аймактарында эгилет. Жаш бүчүрүн жашылча катары жесе болот. Мөмөсүнөн мочалка, калпак, бут кийим жасалуучу материал алынат. Уругунда май бар. Мөмөсү бышканда кесилип жыйналат.