dcsimg

Долоно ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src=
Долоно (Crataegus monogyna).

Долоно (лат. Crataegus, L. 1753) - роза гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бадал же анча чоң эмес дарак (бийиктиги 4-5 м). Өркүнү тикендүү, жалбырагы жөнөкөй, манжа сымал. Гүлү ак, кызгылт. Топ гүлү калканч же чачы сымал. Мөмөсү майда, өңү кызыл, саргыч кызыл же кара. Долононун 200дөй (кээ бир маалымат боюнча 1000дей) түрү Америка жана Евразиянын мелүүн жерлеринде өсөт. КМШда 50, Кыргызстанда 7 түрү бар. Кызыл долоно менен чыгыш долоносу (Пояркова долоносу) көп кездешет. Кызыл долоно жыгач сымал бадал, катуу тикендүү, сөңгөгүнөн майда буюм жасалат. Мөмөсү желет, дарылык касиетке ээ. Мөмөсүнөн жана гүлүнөн алынган экстракт, маңыздары медицинада жүрөк, невроз жана гипертония ооруларын дарылоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Шилтемелер

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор

Долоно: Brief Summary ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src= Долоно (Crataegus monogyna).